Кыргыз Республикасы
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни
(кыргызчa 吉尔吉斯文 Kyrgyz)
Ак мөңгүлүү аска зоолор, талаалар, Элибиздин жаны менен барабар. Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп, Сактап келди биздин ата-бабалар.
Алгалай бер, кыргыз эл, Азаттыктын жолунда. Өркүндөй бер, өсө бер, Өз тагдырың колунда.
Байыртадан бүткөн мүнөз элиме, Досторуна даяр дилин берүүгө. Бул ынтымак эл бирдигин ширетип, Бейкуттукту берет кыргыз жерине.
Алгалай бер, кыргызэл, Азаттыктын жолунда. Өркүндөй бер, өсө бер, Өз тагдырың колунда.
Аткарылып элдинүмүт, тилеги, Желбиреди эркиндиктин желеги. Бизге жеткен ата салтын, мурасын, Ыйык сактап урпактарга берели.
Алгалай бер, кыргыз эл, Азаттыктын жолунда. Өркүндөй бер, өсө бер, Өз тагдырың колунда.
|

|